Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Өкмөт жөнүндө мыйзамдын долбоору талкууга түштү


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинде «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.
Ал февраль айында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна коюлат. Бул тууралуу бүгүн палатанын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Апсамат Масалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди комитет мыйзам долбоорун талкуулагандан кийин чыгарды. Мыйзам долбоору буга чейин парламентте бир нече ирет талкууланып, долбоорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында өкмөткө кайра кайтарылган.

XS
SM
MD
LG