БИШКЕК. Феликс Куловдун сот ишине байланыштуу талкуунун жыйынтыгында анын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды. Резолюцияда “өзүн демократиялык өлкө деп жарыялаган Кыргызстанда бийлик тарабынан Конституцияга ылайык келбеген иштердин болуп жатат жана соттор бийликтин саясий заказдарын аткарууда, натыйжада, адам укуктары бузулуп жатат” деген сын камтылган. Ошондой эле, резолюцияда дүйнөлүк коомчулукка, Европарламентке, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, АКШнын мамлекеттик департаментине, эларалык укук коргоо уюмдарына Феликс Куловду бошотууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнүндө айтылган. Коомдук угуунун катышуучулары кыргыз бийлигинен Феликс Куловду бошотууну талап кылуу менен бирге, адам укуктарын коргоо боюнча эларалык коомчулуктун алдында алган милдеттемелерин так аткарууга чакырышты.