Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Кабулдагы бүгүнкү жардырууну да жанкечти жасагандай


Андан британиялык бир жоокердин өмүрү кыйылып, төртөөсү жаракат алды. Окуя кечээ эле жанкечтинин жардыруусунан каза тапкан канадалык жоокерди акыркы сапарга узатуу каадасы учурунда болду. Ооган ички иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, жардыруудан каза тапкан жергиликтүү тургун аны ишке ашырган жанкечти болушу керек. Ал жардырууну автоунаанын жардамы менен жасаган. Мурдараак Германиянын аскерлери жайгашкан базанын жанында да жарылуу болгону кабарланган эле. Бирок Кабулдагы бейпилдик күчтөргө командачылык кылган НАТОнун өкүлдөрү бул маалыматты төгүндөштү.

XS
SM
MD
LG