Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН 3 ЖЫЛДЫК ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС


Сапар Орозбаков, Бишкек Шаршемби күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров маалымат жыйынын өткөрүп, менчиктештирүүнүн 3 жылдык программасы ийгиликтүү аткарылганын билдирди.

Анатолий Макаровдун айтымында, комитет өткөн жылы 75 мамлекеттик обьектти жеке менчикке өткөрүп берген. Андан тышкары 46 ишкананын акциялары сатыкка чыгарылып, 36 ишкананын акциясы сатылган. Өткөн жыл жөн жыл эмес, Жогорку Кеңеш бекиткен менчиктештирүүнүн 3 жылдык программасынын акыркы жылы болчу:

- Биз 2001-2003-жылдарга эсептелген 3 жылдык программаны бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча аткардык деп айта алабыз. Менчиктештирүүдөн 600 млн. сом түшөт деп пландаштырылган болчу. Биз аны да ашыгы менен аткардык.

Анын айтымында, өткөн жыл курорттук-рекреациялык обьектилерди менчиктештирүү жылы болду. 2003- жылы 16 эс алуучу жай сатылып, бул сектор иш жүзүндө мечиктештирилип бүттү десе болот.

Өткөн жылы ири стратегиялык ишканалардын ичинен «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу боюнча да тендер өткөрүлгөн. Азырынча, Анатолий Макаровдун айтуусу боюнча, тендерде биринчи орунду жеңип алган «Шведтел» менен келишимге кол коюла элек:

- Азыр мындай болуп жатат: Биз тендердин биринчи этабынын жеңүүчүсү менен оор жана татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Анатолий Макаровдун маалыматы боюнча, 3 жылдык программанын аткарылышы менен азыр өлкөнүн ишканаларынын 70% менчиктештирилип бүттү. Мамлекеттин колунда негизинен 146 ири ишкана гана калды. Анын токсон экисинин акцияларынын көбүрөөгү Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин колунда жана ал аларга толук кожоюндук кылат. Калгандары болсо анча-мынча акциясы сатыла элек ишканалар.

Коомдо «менчиктештирүү күткөндөй натыйжа берген жок” деген пикир кеңири тараган. Адистер ишканалар жеке менчикке берилгени менен, алардын басымдуу көпчүлүгү иштебей токтоп турганын айтышат. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов мындай дейт:

- Фрунзе заводун алалы. Убагында анда канча миңдеген адамдар иштечү эле. Миллиондогон салык төлөчү. Менчиктиштирилгенден кийин канча адам иштебей калды. Продукция чыгарбайт. Салык да төлөбөйт .

Менчиктештирилген ишканалар арзан сатылгандыктан, аларды алуучулар, аны иштетпей эле, сатып пайда табуу үчүн алып жатышкандыктарын айтышат. Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жайынын стратегиялык өнүгүшү жана ишкерлик боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Рүстенбеков мындай дейт:

- Канча станоктор, жабдыктар Кытайга сатылып, кетип жатат. Мындай мүлктү кийин чогулта албайбыз. Ал Советтер союзу учурунда жыйналган мүлк болчу. Азыр канча аракет кылсак да мынча мүлк чогулта албайбыз.

Ал эми депутат Жолдошбек Турдумамбетов болсо арзыбаган акча үчүн бүтүлүү буюмдарды талкалап жатышкандарына ичи ачышат:

- Токтогулда нефтебаза бар эле. Ал Ош-Бишкек стратегиялык жолунун ортосунда жайгашкан. Сатылгандан кийин 100-500 тонналык цистерналардын баарын кесип, металлалом кылып, ташып кетишти.

XS
SM
MD
LG