Чечен администрациясынын атын атабоону өтүнгөн өкүлү кечээ (шаршембиде) Чеченстанда 8 орус аскери набыт болгонун билдирди. Ушул эле күнү Страсбургдагы Европа Кеңешинин алдында 100дөн ашуун чечен качкындары демонстрация өткөрүп, европалык депутаттарды Чеченстандагы согушту токтотуп, ал жактагы адам укуктарынын кордолушуна жол бербөөгө чакырышты.