Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Израил менен “Хезболла” туткундарды алмашат


Германиялык аскерий учак барымтага алынган израилдик бизнесмен менен 3 жөөт аскеринин сөөгүн алып кетиш үчүн Ливандын башкалаасы Бейрутка барды. Германиянын ортомчулугу алдында ишке ашып жаткан Израил менен Ливандык "Хезболла" уюмунун ортосундагы макулдашууга ылайык, Израил барымтадан бошотулган бизнесмен жана аскерлердин сөөгүн алыш үчүн 430дан ашуун араб туткундарын түрмөдөн чыгарууга макул болгон. Алардын көбү – палестиндер. Тел-Авив андан тышкары 59 ливандык жоочунун сөөгүн Бейрутка өткөрүп берет. "Хезболла" уюмуна караштуу телеканал алмашуу бүгүн кечинде Германиянын Кельн шаарынын четиндеги аскерий базада орун алаарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG