Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Иракта мыйзамсыз курал издеген америкалык инспекторлордун мурдагы башчысы АКШнын чалгындоо кызматынын ишин сындады


Кечээ (шаршембиде) Иракта массалык кыргын салуучу курал издеген АКШлык инспекторлордун мурдагы башчысы Дэвид Кэй Конгрессте көрсөтмө берип, суроолорго жооп берди. Кэй Иракта согуш башталар алдында Саддамдын ири өлчөмдөгү мыйзамсыз курал-жарагы бар болгону күмөндүү, андыктан АКШнын чалгындоо кызматынын маалымат топтоо ишинде кемчиликтер болушу мүмкүн деп белгиледи. Ал тапта Иракта кол салуулар уланууда. Шаршембиде эртең менен Багдадда көбүнесе батыштык адамдар жашаган мейманкананын алдында машине жардырылып, 4 киши өлүп, 17 адам жарадар болушту.

XS
SM
MD
LG