Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

«Алмаз-Нарын» үналгысы атайын маалымат кызматын ачты


НАРЫН. Нарын шаарында көз карандысыз «Алмаз-Нарын» үналгысында жаңы маалымат кызматы иштей баштады. Бул тууралуу «Маалымат кызматы» аттуу долбоордун ачылыш аземинде айтылды. Көз карандысыз «Алмаз- Нарын» станциясы облустун аймагындагы жергиликтүү жаңылыктарды саат сайын уктуруп турат. Андан сырткары, ошол күндүн эң маанилүү окуяларына арналган «Биздин жашоо» аттуу аналитикалык беш минуттук берүү да даярдалат. Нарын шаары, облустагы жаңылыктар менен таанышууга кызыкдар болгондор радионун сайтына кирип, андан кабар алса да болот. Маалымат кызматы кыргыз тилинде акысыз таратылат. Долбоор бир жылдык мөөнөт менен «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынган.

Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров даярдашты

Редактор - Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG