Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Баткенде мугалим жетишпейт


БАТКЕН. Облустук билим берүү башкармалыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, учурда Баткендин мектептерине 253 мугалим жетишпейт. Буга негизинен эмгек акынын аздыгынан көпчүлүк мугалимдердин мектепти таштап кетиши себеп болууда. Маселен, өткөн окуу жылында эле 517 мугалим мектепти таштап кеткен. Ал эми алардын орду жогорку окуу жайларда сырттан окуган студенттер менен толукталууда. Облуста негизинен чет тилдери, математика, физика сабактары боюнча адистер өтө эле аздык кылат.

XS
SM
MD
LG