ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда партиянын облустагы бөлүмү президент А. Акаевдин мөөнөтүн узартуу боюнча сунуштар Башмыйзамды одоно бузгандык катары эсептелээри айтылган. Ошондой эле, кайрылууда А. Акаевди дагы бир ирет шайлоо боюнча айтылган сунуштар жалпы элдин пикирин билдирбей турганы жана мындай фактыларга А. Акаевдин өзү унчукпай коюп жатканы да белгиленген. “Мыйзам сакталбаса өлкөдөгү туруктуулукка зыян болуп, Грузиядагы окуялар Кыргызстанда да кайталанышы ыктымал” деген тынчсыздануу айтылды.