Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Мыйзам чыгаруу жыйыны Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзамдын долбоору депутат Азимбек Бекназаров тарабынан даярдалып, палатага сунушталган. Мыйзамдын негизги максаты - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин мамлекет менен жергиликтүү бийликке таандык жерлерди жеке менчикке же укуктук тараптарга мыйзамсыз берген учурда жоопко тартуу. Кодекске киргизилген өзгөртүүгө ылайык 309-берененин талаптарын бузган мамлекеттик кызматкер 3 жылга ишинен четтетилип, 50дөн 500гө чейинки минималдык маяна өлчөмүндө айып тартат. Мындай маалымат бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG