Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Саржио Балидеги жардырууга байланыштуу соттолгон айыпкер


Индонезиянын соту Саржио аттуу ислам согушчанын өмүр бою эркинен ажыратты.
Соттун мүчөсү Ариф Супратмандын билдиришинче, Саржио 2002-жылдын октябрында Бали аралындагы түнкү клубда болгон бомба чабуулуна жардамдашкан деп айыпталды.
Түнкү клубка жасалган террордук чабуулдан 202 адам өлүп, алардын көпчүлүгү австралиялык туристтер болгон.
Саржио Балидеги жардырууга байланыштуу соттолгон 30-айыпкер. Алардын ичинен үч адам атууга өкүм кылынган.
Индонезиянын бийликтери жардыруу үчүн жоопкерчиликти “ал-Кайида” менен байланыштагы “Жемаа Исламия” тобуна жүктөгөн.

XS
SM
MD
LG