Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Ирандык губернаторлор президент Хатамини колдошту


Ирандын бардык провинцияларынын губернаторлору консервативдүү Көзөмөл кеңешинин төрт миңден ашуун талапкерди парламенттик шайлоодон четтеткенин “адилеттик жана калыстык эмес” дешип, 20-февралда өтчү саясый өнөктүктү кийинге калтырууну өтүнүштү.
27 губернатор шаршемби күнү куптандан кийин ушундай бүтүмгө келгенин Ички иштер министринин өкүлү Жаханбакш Канжани билдирди.
Губернаторлор Иранда президент тарабынан дайындалат.
Өкмөттүн өкүлү Саед Мухаммад Жароми билдиргенге караганда, Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Көзөмөл кеңешин баштапкы чечимин карап көрүүгө чакыргандан кийин, 860ка жакын талапкердин укугу калыбына келтирилди.

XS
SM
MD
LG