Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Би-би-си өз жаңылыштыгын мойнуна алды


Британиянын Би-би-си корпорациясы маалымат саясатында кетирген катасы үчүн кечирим сурады. Кечээ күнү корпорациянын жооптуу эки кызматкери жумуштан кеткен болчу.
Корпорациянын башкаруучулар кеңешинин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Ричард Райдер кечирим сураган билдирүүнү Лондондо жасады:
- Мен Би-би-си корпорациясынын атынан биздин кетирген кемчилигибиз үчүн жапа чеккен адамдардан уялбастан түздөн түз кечирим сурайм.
Британиянын премьер-министри Тони Блэр кечирим суралганы аны канааттандырганын билдирди.
Кечээ күнү сот лорд Брайан Хаттон атайын өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгында Би-би-сини өкмөттүн Ирак согушуна катышуу себеби тууралуу натуура маалымат берди деп айыптаган.
Британиялык аскерий эксперт Дэвид Кэлли, өкмөт аны Би-Би-Сиге маалымат булагы болгон адис катары атагандан кийин, өзүн өзү өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG