Иерусалимдин ортолук бөлүгүндө, премьер-министр Ариел Шарондун резиденциясынан алыс эмес жайда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун ичинде жанкечти бомба жардырып, андан аз дегенде 10 адам өлдү. Дагы 30дай жүргүнчү жараат алды. Алардын айрымдарынын абалы оор.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Азапкөйлөрдүн ал-Акса бригадасы” өзүнө алды.
Палестина автономиясынын жетекчилиги террорчунун чабуулун айыптады. Мартабалуу өкүл Саеб Эракаттын билдирүүсүнө караганда, “бу сыңары зааркана жасалган кыянат иштер” тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга тоскоолдук кылгандан башка “эч кандай пайда бербейт”.
Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жонатан Пелед: “Бүгүнкү чабуул Израилди Батыш Иордандан бөлгөн коргонду куруунун зарылдыгын тастыктайт”,- деп билдирди:
- Палестиндердин терроризмге каршы күрөшө албаганы жана андай күрөшкө даяр эмес экени анык болгондуктан, биз коргонду курууну токтотпойбуз жана өзүбүздү коргоону уланта беребиз. Себеби, шаар да, өлкө да, эл да шаардын ортосунда автобусту айоосуз жарган бул сыяктуу зулумдукка чыдабайт.