Азербайжан өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү Ленкоран шаарында беш кабаттуу үй кыйрап, үч киши өлүп, он алты адам жараат алганын маалымдашты. 90 үй-бүлө жашаган ал үй эмне себептен кыйраганы так аныктала элек. Куткаруучулар таш-бетон аралашкан урандылар астынан адамдарды алып чыгаруу аракетин көрүүдө.