Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Израил жана палестиндер туткундарды алмашууда


Барымтадагы бизнесменин жана үч аскердин сөөгүн өткөрүп бергени үчүн Израил өз түрмөлөрүндөгү 400дөн ашуун туткунду бошотту. "Хезболланын" лидери Шейх Хасан Масралла Бейрутта ливандык 21 туткунду тосуп алган демонстрацияда сөз сүйлөп, абактагы дагы башка тарапкерлерин азаттыкка чыгарыш үчүн анын жоочулары жөөттөрдү уурдап кетүүнү уланта берээрин эскертти. Тель-Авивде хезболлачылар өткөрүп берген жөөттөрдүн 3 аскеринин тажыясында Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон “адамдарды уурдоого жана аларды кайра сатып алууну адатка айландырууга жол берилбейт” деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG