Террорчулар катары шектелген куралчандар менен кечээки атышуу - дүйнө мусулмандары Мекеге ажылык парзын аткарууга барган чакта болуп отурат. Ансыз да акыркы күндөрдө бул өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу. Быйыл Сауд Арабстанга ажылыкка барган зыяратчылардын саны 2 млн. адамдан ашкан. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эр-Рияддагы кагылышууда мерт болгон коопсуздукту сактоочу 5 кызматкерден башка, террорчу катары шектелген бир адамдын атасы да киши колдуу болгонун кошумчалады.
Сауд Арабиянын башкалаасындагы атышуудан коопсуздукту сактоочу беш кызматкер набыт болушту.