Алардын баары бейшемби күнү Газани шаарында жарылган бомбадан мерт кетти, төртөө жарадар болду, дагы бир солдаттын дайыны чыкпай жатат. Америкалык командачылык бул ишти териштирүүгө киришти. Айрым божомолдорго караганда, жашыруун жерге катылган ок-дүрмөттөр жарылган. Башка түкшөмөлдөрдө аскерлерге ким бирөөлөр кол салганы айтылат. Жергиликтүү аймак башчысы болсо америкалык жоокерлер абайсыз аракеттен улам каза болду деп эсептейт.