Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Москвада россиялык жана америкалык өкүлдөр коопсуздук маселелерин талкуулашты


АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Жон Болтон менен Россиянын атом энергетика министри Александр Румянцевдин жолугушуусунда Ирандын ядролук программасы жөнүндө сөз болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу тараптар эч кандай маалымат беришкен жок, бирок орус министри жолугушуу башталар алдында Россия Бушердеги атомдук электрстанциясын курууда Иранга эл аралык келишимдердин негизинде жардам берип жаткандыгын билдирген эле. Вашингтон болсо Иран орустардын технологиясын аскери максаттарда пайдаланышы мүмкүн деп кооптонуп келатат.

XS
SM
MD
LG