Ушундай өтүнүч менен бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Абдолвахед Муссави-Лари ислам революциясынын көзөмөл кеңешине кайрылды. Аталган кеңеш сегиз миңдей кандидаттын теңинен көбүн депутаттыкка талапкер болуу укугунан ажыраткан эле. Министр адегенде ушул чатакты чечүү керек деп эсептейт. Президентке караштуу конституциялык кеңештин мүчөсү Хашем Хериси ички иштер министрлиги менен көзөмөл кеңеши бир пикирге келишсе, алар шайлоону 20-февралдан бир айга же 10-20 күнгө ары жылдыра аларын, бирок эмдиги парламент майдын этегинен кечикпей ишке киришүүгө тийиш экенин билдирди.