Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

“Жаш юристтер ассоцациясы” иликтөө жүргүздү


НАРЫН. Freedom House жана USAID уюмдары колдоо көрсөткөн долбоордун алкагында Атбашы районундагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына мониторинг жасалды. Анын жыйынтыгы боюнча коомдук комитет түзүлдү.
Долбоордун координатору Нурдин Исаевдин айтымында, иликтөөгө райондук прократуранын, райондук Демократияны колдоо маалымат борборунун жана акыйкатчынын Нарындагы кызматкерлери катышты.
Мониторинг учурунда райондогу жабык жайлар мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин эмес, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланаары аныкталды. Убактылуу кармоочу жай төрт бөлмөдөн турат жана тергөө иштери ошол эле бөлмөнүн өзүндө жүргүзүлөт. Төшөнчүлөр жок, ошондуктан, шектүү деп кармалгандар төшөнчүлөрүн өздөрү ала келишет. Бул жерде ысык тамак бир жолу гана берилет.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев даярдады

Редактор - Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG