ОШ. 29-январь күнү түнкү саат үчтөрдө Ош обласындагы Каракулжа районунун Ойтал айылындагы орто мектепте өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кетти. Мектеп 1985-жылы курулган. Андан 552 окуучу билим алчу. Алдын ала алынган маалымат боюнча өрт электр зымдарынын чаташуусунан чыккан. Өрт кырсыгында адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсыктан кийин Ош облус губернатору өз чечими менен окуучуларды март айына чейин үйлөрүнө таратты. Күн жылыгандан баштап алар атайын уюштурулган чатырчаларда билим алууну улантмай болушту.
Кырсыктан кийин Ош облус губернатору өз чечими менен окуучуларды март айына чейин үйлөрүнө таратты. Күн жылыгандан баштап алар атайын уюштурулган чатырчаларда билим алууну улантмай болушту.