БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан элдеринин кезектеги IV курултайы «2004-жыл – мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деген ураан менен өттү.
Курултай ассамблея кеңешинин төрагасынын отчетун укту жана «Кыргыз республикасынын этностук өнүгүүсү жөнүндө» концепцияны кабыл алды. Ассамблея кеңешинин жетекчилиги кайра шайланып, кеңештин 65 мүчөдөн турган курамы бекиди. Курултайга катышкан президент Аскар Акаев өз сөзүндө улуттар аралык мамилени чыңдоодогу ассамблеянын ролун жогору баалады. Ошондой эле, «Достук үйүндө» кыргыз тилин үйрөтүү борборун ачуу тууралуу Билим жана маданият министрлигинин демилгесин колдоду.
Президент курултайда ассамблеяны «Данакер» ордени менен сыйлады. Мындан тышкары улуттардын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн төрт улуттун өкүлү «Данакер» ордени менен, 5 улуттун өкүлү «Даңк» медалы менен, 12 улуттун өкүлү Ардак грамота менен сыйланышты. Президент мындай сыйлыктарды ассамблеянын он жылдыгынын урматына тапшырды.