Аскерлер Бетлехемде (Вифлеемде) палестин жанкечтисинин үйүн жардырышты. Тел-Авивдин өкүлү бул аракеттер – бейшембиде Иерусалимде 10 киши өлүп, 50 адам жараат алган автобустагы жардырууга жооп экенин маалымдады. Андан сырткары жөөт аскерлери кечээки рейд маалында Хеврон калаасында үч шектүү палестин согушкерин атып өлтүрүштү.