Кеңештин атайын документи БУУга мүчө мамлекеттерди 31-мартка чейин "ал-Кайида" уюмуна жана мурдагы талип жетекчилерине каршы кабыл алынган санкциялар кандай аткарылганы тууралуу отчет берүүгө милдеттендирет. "Марттын аягына чейин бул талапты аткарбаган мамлекеттердин тизмеси жарыяланып, алар катуу уяткарылат", - деп айтылат Коопсуздук Кеңешинин чечиминде. Кеңештин мүчөлөрү талкуу маалында азыркыга дейре 100гө жакын мамлекет «ал-кайидачылар» менен талиптердин банктардагы эсептерин тоңдуруу, алардын саякатташына тыюу салуу тууралуу чечимдер кандай аткарылганын Улуттар уюмуна кабарлай электигин тынчсыздануу менен билдиришти.