Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

АКШ КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯСАТЧЫЛАРДЫ ЧАКЫРУУДА


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги «АКШдагы саясий партиялар» аттуу программасы тууралуу маалымат таратты. Анын алкагында быйыл Кыргызстандан «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Курманбек Бакиев, «Ата мекен» партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев чакыруу алышты. Кыргызстандык саясатчылардын АКШга эки апталык иш сапары 1-мартта башталат. Иш сапардын учурунда алар кошмо штаттардагы партиялык система, ушул күзгө белгиленген президенттик шайлоого камылгалар менен таанышып, президенттикке талапкерлердин курч дебаттарына катышаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG