Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Американын дагы бир Марс жүргүсү алыскы планета боюнча саякатын баштады


ВАШИНГТОН. Американын дагы бир марс жүргүсү алыскы платенетада саякатын баштады. Январь айынын ичинде Марска барып конгон экинчи иликтөөчү аппарат платформадан аман-эсен жерге түшүп, үч метр жерге жүрдү. Мындан үч жума мурда Жер планетасына баарынан эң жакын турган Марска АКШнын Спирит деген марс жүргүсү келип конгон. Бул эки аппарат планетада жашоо бар же жок экенин изилдешет. Спирит марс жүргүсү НАСАнын борборуна бейтааныш планетанын алгачкы түстүү сүрөттөрүн жиберген эле, бирок компьютерде чыккан проблемалардан улам анын дайыны бир жума бою жок болуп кеткен. НАСАнын инженерлери Спирит марс жүргүсүнүн ишин калыбына келтирип жатышканын айтышат.

XS
SM
MD
LG