БРИТАНИЯ-ГЛАЗГО. Шотландиянын Аддингтон шаарында карылар үйүндө ишенбиге караган түнү чыккан өрттөн 11 киши каза болду. Өрт өчүргүчтөр кырсык болгон жерге бир нече мүнөттөн кийин эле жетип келишкен, бирок ошого карабай өрртү тез арада өчүрө алышкан эмес. Өртөн жабыркаган 7 киши күйүк жаракаттар менен оор ахвалда ооруканага жеткирилди. Өрткө эмне себеп болгондугу белгисиз.