АЛМАТЫ. Казак президентинин жардамчысы президент Нурсултан Назарбаев эмки президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди. Интерфакс кабар агенттигинин Ермухамет Ертысбаевге шилтеме берип маалымдашынча, Назарбаев 2006-жылы боло турган шайлоого өз талапкерлигин көрсөтөөрүн жана анда жеңишке ээ боло турганына ишенип турганын айткан. 1995-жылкы референдумда кабыл алынган чечим боюнча, бир инсан президенттик кызматта эки мөөнөттөн ашык убакыт иштей алат.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2006-жылы боло турган шайлоого өз талапкерлигин көрсөтөт