Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Сауд Арабияда зыяратта жүргөн мусулмандар Арафат тоосуна чыга баштады


МЕККЕ. Сауд Арабияда жүргөн эки миллион мусулман зыяраттын соңку жөрөлгөлөрүнүн бирин жасап, Арафат тоосуна чыга башташты. Ыйык тоого чыккан мусулмандар Алладан билип-билбей кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, Анын мээримин тилеп жатышат. Арафат тоосу Мекке шаарынан 18 чакырым жерде жайгашкан. Ыктымал боло турган террордук чабуулдардан чочулаган Сауд бийликтери өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүштү. Полиция күмөн туудурган жерлерди тинтип, шектүү кишилерди кылдат текшерип жатат.

XS
SM
MD
LG