Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Ооганстан америкалык аскерлердин бомбалоосунан 10 жөнөкөй ооган курман болгондугун бышыктады


КАБУЛ.Ооган президенти америкалык аскерлердин бомбалоосунан 10 жөнөкөй ооган курман болгондугун бышыктады. Хамид Карзайдын айтымында, ал маркумдардын үй бүлөлөрү менен жоолугуп, аларга жардам берүү үчүн ар үйдөн бир кишини Кабулга чакырткан.
- Бомбалоонун жыйынтыктары чыгарылды жана рейдде балдар аялдар менен эркектер курман болгондугу өкүндүрөт. Мен Урузгандын акиминен курман болгондордун жакындарынын тизмесин жиберүүсүн суранып, аларга жардам бердиртким келип жатканын айтканмын, - деди Карзай.
АКШнын аскердик жетекчилиги 17-январда Урузганда болгон бомбалоодо талиб согушкерлери деп шектелген беш киши жок кылынганын, жана бул фактты аскердик учактан тартылып алынган видеотасмалар тастыктап турганын кайталоодо.

XS
SM
MD
LG