БАГДАД. Ирактын Мосул шаарында автомашинеге орнотулган бомба жарылып, тогуз киши курман болду, 44 киши жараат алды. Полициянын жанында жарылган бомба имаратка олуттуу зыян келтирди. Бүгүн, ошондой эле, Тикрит шаарынын жанында Американын аскердик автолоннасына жасалган кол салуудан үч америкалык солдат курман болду. Солдаттар бараткан машине колго жасалган бомбага кабылган.