ТАЛАС. Курман айт намазы облустун борбору жана төрт райондун айылдарында окулду. Мусулмандардын облустук казияты менен макулдашылган талаптарга ылайык айт намаз окулаар алдында имамдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мусулмандарды диний экстремизмден оолак болууга, шарияттагы жол-жосундарды таза сактап, аларды орунсуз ойлоп табылган жаңы салт-санааларга тебелетпөөгө чакырышты. Ошондой эле салттуу ислам динин тутуп келген жергиликтүү калктын жаш муунун чет элден келип жаткан башка диний агымдарга аралыштырбоого, үгүттөөчүлөрү менен каражатына азгырылбоого үгүттөштү. Курман айт намазы облустагы 72 мечитте окулду. Облустук юстиция башкармалыгынын маалыматтары боюнча, 72 мечиттин ичинен эки гана мечит расмий каттоодон өткөн.