"Интерфакс" агенттигинин билдиргенине караганда, чечен президентинин коопсуздук кызматында иштегендердин биринин Курчалой районунун Аллерой деген кыштагындагы үйүнө бүгүн эртең менен кирип келген куралчан адамдар автоматтан ок жаадырышып, кол гранаталарды ыргытышкан. Президент Ахмад Кадыровдун уулу, анын коопсуздук кызматын жетектеген Рамзан Кадыровдун айтымында, кол салууну козголоңчулар жасаган. Жогорудагыдай кандуу окуялар расмий Москва Чеченстандагы кырдаал стабилдешти дегенине карабай орун алууда.