Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Америкалык эки робот Марстын бетин изилдөөдө


Тарыхта биринчи жолу америкалык эки робот бир учурда Марстын бетин изилдөөдө. АКШнын космостук агенттиги- НАСАнын маалымдашынча, 10 күн мурда иштен чыккан байланыш системасы оңдолгон “Spirit” марсжүргүсү кайрадан иштей баштады.
Адистер “Spirit” Марска учуп жеткенге чейинки 7 айда маалымат толуп кеткен компьютердин файлдарын тазалашты.
“Spirit” Маска 3-январда конгон. 25-январда болсо кошоктолгон “Opportunity” жүргүсү Марстын башка жак бетине барып отурган.
Эки марсжүргү тең планетада жашоого ыңгайлуу шарт бар экенин аныктоого жарамдуу көчмө лаборатория менен жабдылган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG