Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Р.Армитиж Түндүк Корея менен сүйлөшүү жакында болоруна ишенет


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж Токиодо Япониянын коргоо министри Шигеру Ишиба менен кездешип, Түндүк Кореяны жана Иракты реконструкциялоо маселесин талкуулады.
Бүгүн Токиодо өткөн пресс-конференцияда Армитиж Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жакында кайра уланат деген үмүтүн айтты:
- Биз өтө чоң ишеничтебиз. Мен азыр эле Бээжинден келдим. Менин оюмча, Кытай жана Кошмо Штаттары сүйлөшүүлөр жакында болоруна ишенет десем калп болбойт.
Армитиждин эки күндүк визити япон өкмөтү 1 миң аскерди Иракка гуманитардык жана кайра куруу иштерине көмөктөшүүгө жөнөткөнү жаткан мезгилге туш келди.

XS
SM
MD
LG