Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Сауд Арабиянын өкмөтү Мина өрөөнүнө кошумча аскер жайгаштырды


Сауд Арабиянын бийликтери зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Мина өрөөнүндөгү шайтандын сөлөкөтү турган аймакка полициянын 10 миң кызматкерин жана 2 миң жоокерди кошумча жайгаштырды. Абадан зыяратчыларды көзөмөлдөгөн тикучарлардын жана тез жардамга келчү машинелердин саны да көбөйтүлдү.
Жекшемби күнү “шайтанды таш бараңга алуу” жөрөлгөсү учурунда 251 зыяратчы тепселип өлгөн.
Ажыга келгендердин коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы Али аш-Шааби кошумча чара жаңы кырсыкты болтурбоо үчүн кабыл алынганын билдирди:
- Кечээки кырсыктан улам, Улуттук гвардиянын 2 миңден көп жоокери, жарадар болгон жана өлгөн адамдарды ташып кеткенче, зыяратчыларды көпүрөнүн үстүндөгү жолго салууга жардамдашуу үчүн кошумча жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG