Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Нарында шарп ылаңы күчөөдө


НАРЫН.Нарын районуна караштуу Карачий айылында малдын шарп ылаңы күч алууда. Бул тууралуу Карачий айылынын атын атагысы келбеген тургуну телефон аркылуу 2-февралда маалымдады. Буга чейин «Карачийде он үй бүлөнүн малы шарп ылаңына кабылды» деген маалымат болсо, учурда ылаңдаган малдын саны тездик менен өсүүдө. Январдын он үчүндө Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынын өкүлдөрү айылда болушуп, экинчи жолу эмдөө жүргүзүшкөн. Андан соң райондук ветеринардык башкармалыктын жетекчисинин орун басары Жекшенжапар Сыдыков “шарп ылаңы обласка жайылып кетүү коркунучу жок болгондуктан,эмдөө иши токтотулду”, деп 22-январда билдирген. Бирок Карачий айылында шарп ылаңы тездик менен жайылууда. Райондук ветеринардык башкармалыктын өкүлдөрү келишип, абал менен таанышып, дары керек болсо сатып алгыла дешкен.
“Айылга бир мал доктор жетишпей жаткандыктан тез арада дагы бир мал докторду жиберишээрин айтышты”, дейт телефон менен кабарлаган Карачий айылынын тургуну.

Кабарлар топтомун Бишкектен Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор - Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG