Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Таласта “Алга, Кыргызстан” партиясынын жыйыны өттү


ТАЛАС. Конференцияга областын жер- жерлеринен шайланган 51 делегат жана партиянын борбордук саясий кеңешинин төрагасы, саясий кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Владимир Диль, Бишкектеги «Береке» жабык акционердик коомунун башчысы Болот Бегалиев, белгилүү спортчу Раатбек Санатпаев, Бишкек эркин экономикалык зонасынын директорунун орун басары Насыпбек Жаманкызов катышты. Конференцияда чыгып сүйлөгөн делегаттар партиянын жер-жерлердеги иш аракеттери жөнүндө айтышып, алдыдагы саясий күрөштөргө даяр болууга, оппозициялык партиялар менен атаандашууга чакырышты. Ал эми Манас районунан шайланган делегат Саламат Отунчиев президент А. Акаевди “журт башы» деп атоону сунуш кылды. Конференцияда партиянын областык уюмун түзүү боюнча токтом кабыл алынып, анын он беш адамдан турган областык кеңеши түзүлдү. Аталган партиянын областык кеңешинин төрагалыгына Талас областынын суу башкармасынын начальниги Көкмөк Таштаналиев шайланды.

XS
SM
MD
LG