БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр, президенттин инвестиция тартуу боюнча өкүлү Жоомарт Оторбаев АКШнын соода жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Кетрин Кулман жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлү Трейси Филиппс менен жолугушту. Анда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестиция багытында аймактагы кызматташтык жөнүндөгү келишимдин долбоору талкууланды. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан ортосунда мындай келишим түзүү демилгеси күзүндө Ошто өткөн экономикалык форумда көтөрүлгөн. Бул жолугушууда Кыргызстан калган мамлекеттер менен соода тармагында кызматташууга даяр экендигин дагы бир ирет бышыктады. Бул тууралуу президенттин инвестиция тартуу боюнча өкүлүнүн катчылыгынан кабарлашты.