Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

АКШ Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышпастыгына ишенет


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого барбасына Кошмо Штаттар толук ишенет. Мындай пикирин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда АКШ мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразияга жардам көрсөтүү боюнча координатору Карлос Паскуал билдирди. Жолугушууга «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов, аялдардын «Демилге» борборунун башчысы Алтынай Карасаева жана булардан тышкары АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, ЕККУнун, БУУнун өкүлдөрү катышты. «Каунтерпарт Консорциум» уюмунун демилгеси менен уюшулган бул жолугушууда Карлос Паскуалды келээрки шайлоого даярдыктар кызыктырды. АКШнын максаты - ички саясатка киришүү эмес, калыс жана эркин шайлоо маанайын түзүүгө көмөктөшүү экенин белгиледи. Бул үчүн маалымат мейкиндигин кеңитүү, тренингдерди, мониторингдерди өткөрүү зарыл. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев менен коалиция президенти Эдил Байсалов маалымдашты.

XS
SM
MD
LG