Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

АКШ агенттиги баңгизаттарды керектөөнү азайтуу программасын ишке киргизди


ОШ. Американын эларалык өнүктүрүү агенттиги Ош, Жалалабад областтарында бангизатты керектөөнү азайтуу программасын ишке киргизди. Программа-долбоор беш жылга эсептелген. Фергана өрөөнү боюнча Ош, Жалалабад областтарында бангичиликтин басаңдабай, кайра көбөйүп жатышы жана бангизатын кабыл алгандардын көпчүлүгү атайын каттоого алынбаган фактыларда бул жактарда өтө көп экендиги долбоордун ачылышына себепчи болгон. Американын эларалык өнүктүрүү агенттиги менен катар Сорос кору баштаган бир катар абройлуу эларалык уюмдар программага сүрөөнчүлүк кылышат. Бул программанын негизги өзгөчөлүгү - баңгилерге дары-дармек бербей, гипноз, психосоциалдык жардам, ишке жана башка кызыктуу нерселерге алаксытуу сыяктуу жана башка жолдор менен дарылоого ык коёт. Алгачкы семинарлар март айынын башына пландаштырылууда. Программа жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар менен да, мамлекеттик структуралар менен да тең иштешмекчи.

Алатоо кабарларын Бишкектен Бурулкан Турдубек кызы жана Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор - Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG