БИШКЕК. Ош облусунун Өзгөн районунун Саламалик айыл өкмөтүнүн карамагындагы издөө иш-чаралары тыянак бере элек. Мындай маалыматты бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Бул аймактагы Актоо капчыгайынан 31-январда кар көчүп, Актерек айылынын тургуну Айтмирек Исабаев көчкү алдында калган. Ош облусунун атуулдук коргонуу башкармалыгы 1-февралдан бери издөө салып, бирок, жыйынтык чыгара албай жатат. Учурда 15 куткаруучуга жергиликтүү тургундар жардамдашууда. Мындан тышкары бүгүн Өзбекстандын ички иштер министрлигинин кинологдору үйрөтүлгөн иттер менен кошо жардамга келишти.