Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

«Алга, Кыргызстан» партиясы жер-жерлерде баштапкы уюмдарын түзүүдө


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясы буга чейин Нарын, Ысыккөл, Талас областтарында конференция өткөрүп, областтык баштапкы уюмдарын түздү. Жакын арада Ош, Баткен, Чүй областарында, андан соң Бишкек шаарында жыйын өткөрүп, баштапкы уюмдарын түптөмөкчү. Бул тууралуу бүгүн «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысынын орунбасары Мелис Жунушалиев маалымдады. Анын айтымында, март айында Бишкекте партиянын борбордук жана саясий кеңеш мүчөлөрүнүн жыйыны өткөрүлүп, партиянын төрагасы кайра шайланат. Өткөн жылы азыркы бийлик жүргүзгөн саясатты колдогон «Жаңы заман», «Жаңы кыймыл», «Манас эл», «Кооператорлор» жана «Биримдик» партиялары биригишип «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG