Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Экономикалык кылмыштар ашкереленүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда өткөн жылга салыштырганда кылмыштуулуктун саны азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандардын бетин ачуу жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жакыпов жана аталган министрликтин Тергөө башкармалыгынынын башчысы Макен Турдугулов маалымдашты. Алардын айтымында, 2003-жылы Кыргызстан боюнча 35606 кылмыш катталган. Анын саны 2002-жылга салыштарганда 5% аз. Ошондой эле, 2003-жылы республика боюнча 2372 экономикалык кылмыш катталып, өлкө казынасына 155 миллион 697 миң сом зыян келтирилген. Териштирүүдөн соң 82 миллион сом кайтарылып берилген. Жалпысынан экономикалык кылмыштуулуктун бетин ачуу өткөн жылга салыштырганда 4,6% жогорулаган.

XS
SM
MD
LG