Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Ульрих Фишер оппозициянын, бийликтин өкүлдөрү жана укук коргоочулар менен жолугушту


БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча эларалык Хельсинки Федерациясынын вице-президенти Ульрих Фишер кечээ №19 түрмөдө «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен жолугушту. Бул жолугушуу «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар» ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын жана Жаза өтөө боюнча мамлекеттик башкармалыктын жетекчиси Владимир Носовдун катышуусунда өттү. Ульрих Фишер жолугушууда саясатчынын сот ишине байланыштуу кызыккан суроолоруна жооп алды.
Хельсинки Федерациясынын вице-президенти У.Фишер Ф. Куловдон тышкары Кыргызстанда юстиция министри Курманбек Осмонов, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, президенттин администрация башчысынын орунбасары Болот Жанузаков, коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мурат Суталинов, Болот Тыналиев жетектеген адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин өкүлдөрү жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси К.Ахенбах менен жолугушту. Ульрих Фишер Кыргызстанга адам укуктарынын абалына арналган эларалык конференцияга катышуу үчүн келген. Конференцияны Рамазан Дырылдаев жетектеген укук коргоо уюму менен Адам укугу боюнча эларалык лига 30-31-январда өткөрдү.

XS
SM
MD
LG