Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Австралиянын түштүк менен түндүгүн алгачкы темир жол каттамы бириктирет


ДАРВИН. Австралияны түштүктөн түндүккө кесип өткөн, узундугу 3000 километр келген алгачкы темир жол каттамы ачылды. Ал каттам континенттин түштүк шаарларын борбор чөлкөмдөр жана калк өтө сейрек отурукташкан түндүк аймактар менен бириктирет. Өлкөнүн Туризм министри Жо Хоккинин айтымында, бир миллиард долларлык ишкер долбоордун турмушка ашырылышы өлкөдө туризм менен сооданын өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Узундугу бир километрден ашкан поезддин өзү болсо 19-кылымда Австралияда биринчи болуп төөчөн кире тарткан ооган соодагерлеринин урматына "Ган" деп аталды.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG