Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Түркмөнстан 90дон ашык армян иммигранттарын мекенине кайтарды


АШХАБАД. Түркмөнстан 90дон ашык армян иммигранттарын мекенине кайтарды. Эл аралык Миграция уюмунун Түркмөнстандагы кеңсесинин башчысы Зоран Милошевичтин айтымында, жекшемби күнү Армениянын 92 жараны учак менен Ереванга жеткирилди. Армениянын Түркмөнстандагы өкүлү Арам Григорян иммигранттардын ар бирине 100 доллар, ал эми балдарына 50 доллардан жөлөк пул берилгенин билдирди. Элчинин айтымында, иммигранттар мекенине өз ыктыяры менен кайтарылды. Бул акцияны Британиянын жана Голландиянын өкмөттөрү каржылашты. Иммигранттардын көбү Түркмөнстанга 1994-жылы Армения менен Азербайжандын ортосунда Тоолуу Карабак боюнча жаңжал тутанганда качып келишкен. 30 миң кишинин өмүрүн алып кеткен согуш 1994-жылы ок атышууну токтотуу менен басылган.

XS
SM
MD
LG