Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:02

Израил Палестин автономиясына жер айырбаштоону сунуш кылды


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Израилдин арабдар отурукташкан шаар-кыштактарын жөөт көчмөндөрүнүн кыштактарына айырбаштаганга даяр экенин билдирди. Бирок Шарондун өкүлү Ранаан Гиссин жер айырбаштоо террроризм ооздукталып, палестин тарабы тынчтык процессинде Израилге чыныгы өнөк болгондо гана мүмкүн боло турганын белгиледи. Мындан бир күн мурда Шарон жөөт көчмөндөрүнүн кыштактарын палестин тарабы менен тынчтык келишимдин жетишилээрин күтүп отурбастан жойууга ниеттенип жатканын билдирген. Бүгүн өлкөнүн "Маарив" деген гезитине берген маалыматында Шарон Израилдин Газадан чыгып кетүүсү өлкөнүн тагдыры үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG